Кытай чек арасы убактылуу жабылды

11 сентябрь 2019 12:46 1243 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кытайда белгиленчү «Ай майрамына» байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейинки аралыкта жабылат.

Мамлекеттик чек ара кызматы ушундан улам «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары жабыларын билдирди.

Майрамдан кийин, 16-сентябрдан тарта аталган пункттар жарандар жана транспорттор үчүн кадимки тартипте иштеп баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-chek-arasy-ubaktyluu-zhabyldy



Добавить комментарий