Кырсыкка учураган стилист эсине келбеген боюнча каза болду

27 февраль 2019 13:06 14633 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жол кырсыгына кабылып, комада жаткан стилист Асел Мамбеткалиева өзүнө келбей каза болду. Улуттук ортопедия жана травматология борборунун дарыгерлеринин айтымында, бейтап кечээ 26-февралда көз жумду.

«Мамбеткалиева комада жаткан. Бул күнгө чейин жылыш болгон жок. Ал олуттуу жаракат алган», -дешти борбордон. 

Эске салсак,17-февралда болжол менен эртең мененки сегиздер чамасында борбор калаанын Интергельпо көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде автокырсык болуп, айдоочу каза тапкан. Маркумдун денесин куткаруучулар унаанын эшигин кесип анан алып чыгышкан. 

Кырсык тууралуу видео тарап, видеодон Lexus GX470 жол тандабасы трассанын боюндагы түркүктү сүзүп, эс-учун жоготкон тейде жаткан айдоочуну чыгаруу үчүн куткаруучулар кабинаны кесип жатканын көрүүгө болот. Салондо айдоочудан тышкары бир кыз болгон деп айтылган. Ал кыздын аты-жөнү такталып, Кыргызстандагы мода чөйрөсүндө долбоорлорду уюштуруп, өз кезегинде башкаларга жардам берип жүргөн, Асель Мамбеткалиева экендиги такталган. Ал оор абалда ооруканага жаткырылып, комада жаткандыгы айтылып, операцияга каражат чогултула баштаган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrsykka-uchuragan-stilist-esine-kelbegen-boyuncha-kaza-boldu



Добавить комментарий