Жардам керек! Телешоу долбоорунун уюштуруучуларынын бири катуу аварияга туш болуп, комада жатат
"Битва моделей" телешоу долбоорунун уюштуруучуларынын бири Асель Мамбеткалиева жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу анын жакындары Фейсбук социалдык баракчасы аркылуу жардам сурап кайрылышты.
Асель Мамбеткалиеванын (@aselek_skyller) ички органдары катуу жабыркап, үч жолу операция жасалган. Уюштуруучу Токтосун Намазов Асельдин өмүрү кылдын учунда тургандыгын, жүрөгү көтөрө албай калуусу мүмкүн экендигин айтып, көпчүлүктөн жардам сурап кайрылды. Учурда Асель комада жатат. Опреация кылыш үчүн дагы акча каражаты талап кылынаары айтылды.
Эске салсак, кечээ 17-февралда болжол менен эртең мененки сегиздер чамасында борбор калаанын Интергельпо көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде автокырсык болуп, айдоочу каза тапкан. Маркумдун денесин куткаруучулар унаанын эшигин кесип анан алып чыгышкан.
Кырсык тууралуу видео тарап, видеодон Lexus GX470 жол тандабасы трассанын боюндагы түркүктү сүзүп, эс-учун жоготкон тейде жаткан айдоочуну чыгаруу үчүн куткаруучулар кабинаны кесип жатканын көрүүгө болот. Салондо айдоочудан тышкары бир кыз болгон деп айтылган. Ал кыздын аты-жөнү такталып, Кыргызстандагы мода чөйрөсүндө долбоорлорду уюштуруп, өз кезегинде башкаларга жардам берип жүргөн, Асель Мамбеткалиева экендиги такталган.
Жардам берүүнү каалагандарга:
Реквизиттер:
KICB 1280 1660 4062 2048 (Асельдин улуу кызы Анараныкы)
Добавить комментарий ×