Кыргызстанга Соль-Илецктен 963 кыргыз жараны кайтты
Кыргызстанга Россиядан 963 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясый ведомстволору ортосунда РФ Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты.
6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 кыргыз жараны келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.
ТИМдин Россиянын аймагындагы кыргыз жарандарына россия-казакстан мамлекеттик чек араларынын ачылышына чейин ал тарапка каттабай турууларын өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-rossiyadan-963-kyrgyz-respublikasynyn-zharany-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×