Кыргызстанга Соль-Илецктен 963 кыргыз жараны кайтты

6 июля 2020 14:37 746 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга Россиядан 963 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясый ведомстволору ортосунда РФ Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты.

6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 кыргыз жараны келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.

ТИМдин Россиянын аймагындагы кыргыз жарандарына россия-казакстан мамлекеттик чек араларынын ачылышына чейин ал тарапка каттабай турууларын өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-rossiyadan-963-kyrgyz-respublikasynyn-zharany-kajtyp-keldi



Добавить комментарий