Кытай Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест берди

11 май 2020 16:59 1230 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кытай Кыргызстанга  гуманитардык жардам катары медициналык каражаттарды берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кытай Өкмөтү чартердик каттам менен 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек - 30 000, N95 бет кап - 30 000, медициналык бет кап - 150 000, термометр 1000 даана  өлкөгө жеткирип берди. 

Мадумаров Кытай өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткен. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт. Берилген гуманитардык жардам үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», - деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытай Эл Республикасына гуманитардык жардам бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kytajdan-gumanitardyk-zhardam-keldi



Добавить комментарий