Кыргызстанга короновирусту бир нече саатта аныктай турган жабдыктар келет

3 февраль 2020 16:43 931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядан Кыргызстанга короновирусту бир нече сааттын ичинде аныктай турган жабдыктар келет. Бул маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөргөн учурда айтылды. 

Өкмөт башчы вирустун өлкөгө кирүүсүн жана жайылышын алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында коронавирус катталган учур жок. 

Ал эми 2-февралда Кытайдын Ухань шаарында окуган ондон ашык студент Нур-Султан шаары аркылуу Бишкекке алынып келген. Алар учурда атайын жерге жайгаштырылып инкубациялык мөөнөттөн өтүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-koronovirustu-bir-neche-saattyn-ichinde-anyktaj-turgan-zhabdyktar-kelet



Добавить комментарий