Кыргызстанга быйыл 7 миллион туристтин келиши күтүлүп жатат

6 апрель 2019 17:53 1314 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылы Кыргызстанга алдын ала эсептөөгө ылайык 7 млн 641 миң туристтин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин маалыматында айтылат.

Ведомство белгилегендей, күтүлүп жаткан көрсөткүч 2018-жылга салыштырганда 10 пайызга жогорку болмокчу. Былтыр өлкөгө 6 млн 946,5 миң турист келген.

Өткөн жылы Кыргызстанга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Кытай, Индия, Германия,  Корея жана АКШдан туристтер көп келген.  

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-byjyl-7-million-turisttin-kelishi-ktlp-zhatat



Добавить комментарий