Кыргызстанга быйыл 7 миллион туристтин келиши күтүлүп жатат
Поделиться в:
2019-жылы Кыргызстанга алдын ала эсептөөгө ылайык 7 млн 641 миң туристтин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин маалыматында айтылат.
Ведомство белгилегендей, күтүлүп жаткан көрсөткүч 2018-жылга салыштырганда 10 пайызга жогорку болмокчу. Былтыр өлкөгө 6 млн 946,5 миң турист келген.
Өткөн жылы Кыргызстанга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Кытай, Индия, Германия, Корея жана АКШдан туристтер көп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-byjyl-7-million-turisttin-kelishi-ktlp-zhatat
Добавить комментарий ×