Москвадан Кыргызстанга 460 жаран кайтты, алардын ичинде 2 жашка чейинки 68 бала бар

8 июнь 2020 09:24 1099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, Кыргызстанга   Москва – Бишкек аба каттамы боюнча «Аэрофлот – Российские авиалинии» авиакомпаниясынын борту менен Кыргыз Республикасынын 460 жараны кайтып келди, алардын ичинде 2 жашка чейинки 68 бала бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

 Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Мекенине кайтууну көздөгөн  жарандардын көптүгүнө байланыштуу, аталган рейске жүргүнчүлөрдүн тизмесин  кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү,  Моксва шаарындагы  медициналык клиникалардын дарыгерлери жана  Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Комиссия бекитип берген.

Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдүн тизмеси  жарандардын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Андан сырткары, оор турмуштук кыраалга кабылган жана ден соолугунда олуттуу маселелери бар жарандар кирген: кош бойлуулугунун акыркы айларындагы аялдар, жаш балдары менен энелер жана улгайган адамдар. Аны менен бирге, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жүргүзүлбөгөн «Аэрофлот» компаниясынын  рейсине мурда алынган билеттердин бардыгы эске алынган.

 Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга  белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-7-iyun-kn-460-zharan-kajtyp-keldi



Добавить комментарий