Кыргызстандын ЖОЖдоруна абитуриенттерди онлайн кабыл алуу башталды

20 июль 2020 13:05 829 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди онлайн кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Бүгүн, 20-июлда Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды. Абитуриенттер Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

«Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт», - деп айтылат маалыматта.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Белгилей кетсек, кесиптик окуу жайларга да кабыл алуу быйыл онлайн түрүндө башталды. Бул үчүн "Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы http://www.spuz.edu.gov.kg/” иштелип чыкты.

Эскерте кетсек, https://2020.edu.gov.kg/ системасына байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин төмөндөгү ыкчам байланыш номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алсаңыздар болот: 1919; 996 772 608 004; 996 772 667 104; 996 704 925 131; 996 709 652 418;

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zhozhdoruna-abiturientterdi-onlajn-kabyl-aluu-bashtaldy



Добавить комментарий