Кыргызстандын жарандарынын АКШга кирүүсүнө расмий түрдө чектөө киргизилди
АКШ президенти Дональд Трамп алты мамлекеттин жарандарына Америкага кирүүдө чектөө киргизди. Арасында Кыргызстан дагы бар.
Кыргызстандан башка Эритрея, Мьянма жана Нигериянын жарандары эми АКШга кирүүдө бир катао тоскоолдуктарга учурайт. Бул мамлекеттердин жарандарына АКШда калып туруктуу жашоого иммиграциялык виза берилбейт.
Ал ортодо АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 31-январда билдирүү таратып, анда Америка бийлиги иммиграциялык визага жана “Грин-кардка” четөө киргизгенин кабарлады.
Анда Америка кошмо штаттары кыргыз паспортторунун репутациясына жана аны берүү тартибине тынчсызданганы айтылат. Ошентсе да АКШ элчилиги конок, турист, ишкер жана студенттик визаларды берүүнү уланта берет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zharandarynyn-akshga-kirsn-rasmij-trd-chekt-kirgizildi
Добавить комментарий ×