Кыргызстандын он спортчусу Токиодогу Олимпиада башталганга чейин ЭОКтон стипендия алып турат
Бөлүшүү:
Кыргызстандын он спортчусу Токиодогу Олимпиада башталганга чейин Ээ аралык олимпиада комитетинен стипендия алып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети билдирди.
Ага ылайык, 185 мамлекеттеги 1600 спортчу, анын ичинде качкын-спортчулар дагы 2021-жылы боло турчу XXXII Олимпиадалык оюндарына чейин Олимпиадалык тилектештик программасынын алкагында стипендия алып турат.
Буга чейин аталган программа боюнча Кыргызстандын он спортчусу айына 500 доллардан алып турчу. Алар:
- 1. Краковецкий Юрий
- 2. Жолдошбеков Улукбек
- 3. Догдурбек уулу Эламан
- 4. Усеналиев Азат
- 5. Жолчубеков Каныбек
- 6. Тыныбекова Айсулуу
- 7. Жоломанов Мусулман
- 8. Маслова Дарья
- 9. Петрашов Денис
- 10. Жузупбеков Узур
Эскерте кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда олимпиада оюндарына катышуу үчүн алты жолдомо бар. Аларды Денис Петрашов (эки лицензия алган), Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Юлия Андреева жана Дарья Маслова.
Добавить комментарий ×