Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

27 сентябрь 2021 17:39 1062 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Оскар комитети өзүнүн жыйынында режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасын Американын кинематографиялык искусство жана илим академиясынын (AMPAS) «Оскар» сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Ак Илбирс» улуттук сыйлыгын уюштуруучулар кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Тасма “Эң мыкты эл аралк көркөм фильм” деген номинация боюнча сунушталат.

Фильмдин дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда болгон. Быйыл 25-апрелде аталган тасма «Ника» сыйлыгын алган.

“Оскардын” 94-салтанаттуу иш-чарасы 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анджелестеги «Долби» театрында болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-shambala-tasmasy-oskar-syjlygyna-krstld



Добавить комментарий