Кыргызстандын Россиядагы элчилиги: Аттокуров биздин жаран эмес, ал жеке өзү үчүн гана жооп бере алат
Экс-элчи Райымкул Аттокуровдун Кыргызстандын Россияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айткан маегине элчилик расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялаган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Экс-посол Аттокуровдун “Правда.ру” порталына берген интервьюсунда “Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселенин талкууланып жаткандыгы” тууралуу айткан. Бул боюнча Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз жарандарынан бир топ кайрылуулар келип түштү. Ага ылайык, мындай пикирди билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок", -деди элчиликтен.
Аттокуров Россия Федерациясынын жараны экендигин жана ал жеке адам катары өзүнүн жеке пикирин билдиргендигин айтты.
Кыргыз Республикасынын расмий позициясы төмөндөгүчө:
Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат, мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, орус тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес, расмий тили болуп саналат.
Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз.
Ошону менен бирге кыргыз-россия мамлекеттер аралык мамилелер өз ара сый, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат.
Биздин элдерди жалпы тарых, евразиялык руханий баалуулуктар бириктирет, Кыргызстан жана Россия ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш болуп саналышат.
Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу мүнөздөгү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.
Добавить комментарий ×