Кыргызстан Россияга кошулабы? Экс-элчи маегинде эмнени айткысы келген

14 сентября 2020 16:02 1365 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Россиядагы экс-элчиси жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү талкууланууда. Ал "Правда.ру" басылмасына берген маегинде Кыргызстан Россияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн активдүү талкуулап жаткандыгын айтты. Бул тууралуу аталган басылманын сайтына жарыяланган маегине шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Орус басылмасынын журналисти менен болгон маектин башында эле Аттокуров азыр көптөгөн кыргыздар Россияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат деп айткан.
"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала чечип койгон. Биз көп кылымдар бою чогуу болгонбуз. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак убакыт бою келечегибиз бар деп үмүттөнөбүз. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын республикаларынын бири болуу үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деди Аттакуров.

Бирок бул билдирүү чындыкка дал келбейт.
Эскерте кетсек, Кыргызстан эгемендүү мамлекет, ал эми башка өлкөлөрдүн басылмалары мурдагы чиновниктер менен болгон чагымчыл маектерди жайылтууга укугу жок. Кыргыз бийлиги бул маектешүүнү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалашы керек. Кыргызстан Россиянын бир бөлүгү болууну көздөбөйт. Жана коомчулук мурунку элчинин жалган билдирүүсүнө гана нааразы болбостон, анын ойлонбой сүйлөгөн сөзүн кескин айыптап жатат.


Мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле Кыргызстанда жүрүп жатабы же жокпу деген суроого мурдагы элчи "ооба, Кыргызстанда болуп жатат" деп жооп берди. "Бул маселени диаспора өкүлдөрү талкууга коюп, карап жатат.  Албетте, муну тез арада жасоого болбойт. Бирок, менин оюмча, муну жасаш керек, анткени жашоо өзү бизди биримдикке түртөт", - деди ал.⠀
"Кыргызстан мурдагы СССРдеги мамлекеттердин арасынан орус тили мамлекеттик, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө", - деп белгиледи.
Анын айтымында, Россияга Кыргызстандан 1 миллиондон ашык эмгек мигранттары келишкен.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-rossiyaga-koshulaby-eks-elchi-maeginde-emneni-ajtkysy-kelgen



Добавить комментарий

  • Бактыкан 4 года назад
    Россияга кошулсак жакшы болот беле коптогон балдарыбыз ошол жакта журушот бизде отуз жылдан бери байыбаган мамлекетибиз эми балээни онугобузбу бут кен байлык жана башка байлыгыбыз мамлекетте эмес бир ууч эле адамдардын колунда турса