Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Египетте өткөн турнирде 7-орунду ээледи

27 февраль 2023 11:33 936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Египетте өткөн рейтингдик турнирде 7-орунду ээледи. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, турнир 23-26-февраль күндөрү Египеттин Александрия шаарында өттү. 
Эркин күрөш боюнча мелдештер 25-26-февраль күндөрү өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын курама командасында 9 спортчу күч сынашты.  

Тайырбек Жеңишбек уулу менен Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынса, Бекзат Алмаз уулу коло медалдын ээси болду. Командалык эсепте кыргызстандыктар 67 упайга ээ болуп, 31 команданын ичинен 7-орунга ээ болушту.    

Эске сала кетсек, Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов Египетте өтүп жаткан рейтингдик турнирдеги беттеш учурунда эс-учун жоготту.

 Атаандашы чабуулга өтөрдө Алибек Осмоновду тизеси менен башка тепкен. Натыйжада Осмонов килем үстүнөн эс-учун жоготуп койгон. Бул учурду атаандашы пайдаланып 6 упай алган.

Алибек Осмонов ээсине келгенден кийин күрөштү улантканы менен алган жаракатынан улам 15:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-erkin-krsh-boyuncha-kurama-komandasy-egipette-tkn-rejtingdik-turnirde-7-orundu-eeledi



Добавить комментарий