Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Египетте өткөн турнирде 7-орунду ээледи
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Египетте өткөн рейтингдик турнирде 7-орунду ээледи. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Маалым болгондой, турнир 23-26-февраль күндөрү Египеттин Александрия шаарында өттү.
Эркин күрөш боюнча мелдештер 25-26-февраль күндөрү өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын курама командасында 9 спортчу күч сынашты.
Тайырбек Жеңишбек уулу менен Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынса, Бекзат Алмаз уулу коло медалдын ээси болду. Командалык эсепте кыргызстандыктар 67 упайга ээ болуп, 31 команданын ичинен 7-орунга ээ болушту.
Эске сала кетсек, Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов Египетте өтүп жаткан рейтингдик турнирдеги беттеш учурунда эс-учун жоготту.
Атаандашы чабуулга өтөрдө Алибек Осмоновду тизеси менен башка тепкен. Натыйжада Осмонов килем үстүнөн эс-учун жоготуп койгон. Бул учурду атаандашы пайдаланып 6 упай алган.
Алибек Осмонов ээсине келгенден кийин күрөштү улантканы менен алган жаракатынан улам 15:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Добавить комментарий ×