Кыргызстандын эки спортчусу Таиландда тай боксу боюнча Дүйнө чемпиону болду

20 март 2023 14:52 1488 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын эки спортчусу Таиландда тай боксу боюнча жарым профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тай боксу боюнча федерациясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, WMF турнири 12-20-мартта Бангкокто өттү. 

Анда, Цой Никита 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, эки беттеш өткөрүп, бешинчи ирет Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын жеңип алды.   
 

Ошондой эле, 63,5 килограммга чейинки салмакта Али-Хан Эргешов 3 беттеште жеңишке жетип, карьерасында үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду.  

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-eki-sportchusu-tailandda-taj-boksu-boyuncha-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий