Бишкекте 72 Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды

7 февраль 2024 14:02 2289 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты.

Борбор калаанын төрт районунун жашоочуларына сыйлыктар тапшырылды. 

Алсак, Биринчи май району боюнча 17 эне «Баатыр эне», 13 эне «Эне даңкы» наамын алышты.

Октябрь районунда 4 эне «Баатыр эне» орденин алса, 7 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.

Свердлов районунда 14 эне «Баатыр эне» ордени жана 23 эне «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.

Ленин району боюнча 37 эне «Баатыр эне», 16 эне «Эне даңкы» наамын алышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-72-baatyr-enelerge-syjlyktar-tapshyryldy



Добавить комментарий