Кыргызстандын балбан кыздары эл аралык мелдешке жөнөп кетишти

25 февраль 2021 15:28 4085 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Укринанын Киев шаарына эл аралык мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, 26-28-февралда Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын атактуу балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөрү кабарланган.

Эске сала кетсек, кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандын атынан 5 спортчу кыз катышары айтылган. Ал эми, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жалпы 29 балбан жигиттер күч сынашары маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-balban-kyzdary-el-aralyk-meldeshke-zhnp-ketishti



Добавить комментарий