Кыргызстандык “Шайлоо” тасмасы Лас-Вегаста мыкты аталды
Кыргызстандык режиссер Медербек Жалиловдун “Шайлоо” тасмасы Лас-Вегаста өткөн “The new fest” эл аралык кинофестивалда мыкты эл аралык тасма деп табылды. Киносынак 2-августта өткөн.
Бул тууралуу режиссер социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазган.
“Ура, достор! “Мыкты эл аралык тасма”! Биздин “Шайлоо” тасмабыз дал ушундай сыйлыкка татыды. Долбоордун катышуучуларынын баарын куттуктайбыз!”, - деп режиссер кубанычтуу жаңылыгын коомчулукка жар салган.
Анын айтымында, тасма фестивалга арналган. Деген менен бир жылдан кийин коомчулукка тартууланышы мүмкүн.
“Шайлоо” тасмасы Норвегия, Болливуд, Парагвай жана Колумбия өлкөлөрүнүн тасмаларын артка калтырып, мыкты аталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-shajloo-tasmasy-las-vegasta-mykty-ataldy
Добавить комментарий ×