Кыргызстандык мушкерлер Минскиде “А” класстагы мелдеште боксташып жатат

13 ноябрь 2019 13:06 1297 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык мушкерлер командасы Беларуссиянын Минск шаарында бокс боюнча “А” класстагы XVII – Эл аралык мелдешке катышып жатат.

69 кило салмакта күч сынашкан Нурсултан Маматалиев бүгүн алгачкы беттешинде түрк мушкерин утту. Бул тууралуу жеринен Кыргыз Республикасынын бокс боюнча машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов билдирди.

Нурсултан жакшы беттеш өткөрдү. Чабуулга багытталган тактика менен иштеди. Анысы жакшы жыйынтык берди. Бир канча соккулары таамай тийди. Калыстар бир добуштан жеңишти Нурсултанга беришти”, - деди Шайлообек Атазов.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mushkerler-minskide-klasstagy-meldeshte-bokstashyp-zhatat



Добавить комментарий