Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Джессика Андраде менен беттешет

25 февраль 2021 13:58 3041 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын сыймыгы, UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кайрадан чемпиондук курун коргойт. Бул тууралуу UFCнин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Лас-Вегаста ушул жылдын 24-апрелинде өтө турган UFC 261 мелдешинде Шевченко бразилиялык Джессика Андраде менен беттешет.

Бразилиялык мушкер кыз 2019-жылы 11-майда АКШнын мушкери Роуз Намажунасты нокаут менен утуп алып, UFC минималдык дивизион титулун жеңип алган. Бирок, кийинки беттешинде кытайлык Вэйли Джангга утулуп калган. 18-октябрда Абу-Дабиде Андраде жеңил салмакта дебют жасап, АКШлык Кэтлин Чукагианды нокаут менен жеңген.

32 жаштагы Валентина Шевченко 2003-жылы аралаш мушташ боюнча алгачкы дебютун жасаган. Шевченко 2018-жылдан бери жеңил салмактагы чемпион курунун ээси. 2020-жылы ноябрда өткөн акыркы беттеште ал Женнифер Майяны жеңип алып, төртүнчү жолу чемпиондук титулун коргогон. Жалпысынан ММА боюнча 23 беттеш өткөрүп, анда 20 жолу жеңишке жетип, 3 жеңилүү ызасын тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mushker-valentina-shevchenko-braziliyalyk-dzhessika-andrade-menen-betteshet



Добавить комментарий