Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Джессика Андраде менен беттешет
Кыргызстандын сыймыгы, UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кайрадан чемпиондук курун коргойт. Бул тууралуу UFCнин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Лас-Вегаста ушул жылдын 24-апрелинде өтө турган UFC 261 мелдешинде Шевченко бразилиялык Джессика Андраде менен беттешет.
Бразилиялык мушкер кыз 2019-жылы 11-майда АКШнын мушкери Роуз Намажунасты нокаут менен утуп алып, UFC минималдык дивизион титулун жеңип алган. Бирок, кийинки беттешинде кытайлык Вэйли Джангга утулуп калган. 18-октябрда Абу-Дабиде Андраде жеңил салмакта дебют жасап, АКШлык Кэтлин Чукагианды нокаут менен жеңген.
32 жаштагы Валентина Шевченко 2003-жылы аралаш мушташ боюнча алгачкы дебютун жасаган. Шевченко 2018-жылдан бери жеңил салмактагы чемпион курунун ээси. 2020-жылы ноябрда өткөн акыркы беттеште ал Женнифер Майяны жеңип алып, төртүнчү жолу чемпиондук титулун коргогон. Жалпысынан ММА боюнча 23 беттеш өткөрүп, анда 20 жолу жеңишке жетип, 3 жеңилүү ызасын тарткан.
Добавить комментарий ×