Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу бокстун WBA түрү боюнча алдыңкы бештикке кирди
Бөлүшүү:
Кыргызстандык кесипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулу бокстун WBA түрү боюнча жаңыланган рейтингде алдыңкы бештикке кирди. Бул тууралуу barometr.kg сайтына мушкер өзү билдирди.
Акжол профессионал бокста 14 жолу беттешке чыгып, баарында жеңишти камсыздаган. Мындай көрсөткүчү менен ал WBA туру боюнча рейтингде 4 сапка жетти. Муну менен Акжол экинчи жеңил салмакта дүйнө чемпиону титулу үчүн беттешке талапкер катары жакындады.
Эске сала кетсек, Акжол Сулайманбек уулу “WBA Asia” боюнча үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Анда тайланддык Пипата Чаипорна менен беттешке чыгып, сегизинчи раунда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.
Акжол Сулайманбек уулу Баткен облусунан чыккан алгачкы профессионал боксчу.
Добавить комментарий ×