Кыргызстандык мигрант кыз жөнүндө тартылган "Айка" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын лонг листине кирди
Бөлүшүү:
Режиссер Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигранттар тууралуу тарткан "Айка" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын лонг листине кирди. Бул тууралуу кино сыйлыктын сайтына чыкты. Башкы каарманды ойногон казакстандык актриса Самал Еслямова буга чейин канн фестивалында "Аялдын мыкты ролу" номинациясын жеңип алган.
Кинодо кыйналган кыргыздардын Москвадагы жашоосу, катталган жери жок тентиген кундөрү жана мекендештеринен азап жеген кыздын турмушу баяндалат.
"Оскардын" быйылкы сыйлык тапшыруу аземинде "Айка" тасмасы "Мыкты чет өлкөлук тасма" номинациясына көрсөтүлгөн.
Добавить комментарий ×