Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы Индияда өтө турган кинофестивалга катышат

27 октябрь 2020 12:40 818 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгамасынын негизинде тартылган “Шамбала” тасмасы Индиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматна шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Калькутта эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт.

"Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынын маалыматына ылайык,  "Шамбала" толук метраждуу тасмасы эл аралык сынактын алкагында көрсөтүлөт.

Кинофестиваль 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, Индиядагы эң байыркы кинофестивалдардын бири деп эсептелет.

Фильм Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма  "Кыргызфильм" атындагы Улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ajtmatovdun-ak-keme-chygarmasynyn-negizinde-tartylgan-shambala-tasmasy-indiyada-t-turgan-kinofestivalga-katyshat



Добавить комментарий