"Акыркы көч" тасмасы "Темные Ночи" PÖFF кинофестивалынын сынактык программасына катышат (сүрөт)
Режиссёрлер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы “Темные Ночи” PÖFF Таллин Кинофестивалынын сынактык программасына катышат. Бул тууралууу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Таллин кинофестивалы - Канн, Берлин, Венеция жана башка алдыңкы дүйнөлүк кинофестивалдар сыяктуу “А” класстагы элиталык категорияга кирет. Фестиваль салттуу форматта 2020 –жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Эстонияда өтөт.
“Акыркы көч” көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргеликте өндүргөн. Тасманын сценарийинин автору жана режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Эльнура Осмоналиева катышкан. Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыктуу белгилүү актерлер тартылган.
Добавить комментарий ×