"Шамбала" кыргыз тасмасы "Ника" сыйлыгынын жеңүүчүсү болду

26 апрель 2021 10:10 1232 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы “Ника” сыйлыгынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, тасма 2020-жылдын “КМШ, Грузия, Балтия өлкөлөрүнүн ичинен мыкты кино” наамына татыган.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында 2020-жылы тартылган.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

Белгилей кетсек, «Шамбала» тасмасы Индиянын Калькутта шаарында өтө турган эл аралык кино фестивалына да катышкан. Калькутта кино фестивалы Индиядагы эң эски фестивалдардын бири болуп эсептелет.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы буга чейин, Орусиянын Анапа шаарындагы «Киношок» фестивалында эки сыйлык алган.

"Ника" сыйлыгы кинематография жаатындагы жетишкендиктери  жана улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон профессионалдык салымы үчүн берилген кесипкөй кинематографиялык сыйлык катары негизделген.

Сыйлыкты “Ника” Орус кинематографиялык искусство академиясы тарабынан негиздеген. Сыйлык тапшыруу аземи кече, 25-апрелде Москва шаарында өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/shambala-kyrgyz-tasmasy-nika-syjlygynyn-zhechs-boldu



Добавить комментарий