Кыргызстандык Илзат Ахметов Россиянын эң кымбат 20 футболчусунун катарына кирди
Москванын ЦСКА командасында жана Россиянын курамасында ойногон кыргызстандык Илзат Ахметов Россиянын эң кымбат 20 футболчусунун катарына кирди.
Chempionat.com порталынын маалыматы боюнча учурда Ахметов 7,5 миллион еврого бааланат. Ал “Рубин” командасынан кетип жатканда 400 миң еврого бааланганын transfermarket басылмасы билдирди. Бир жарым жылдын ичинде ЦСКАнын жарым коргоочусу 7,5 миллион еврого чейин жеткен.
Белгилей кетсек, Ахметов кичинекей кезинде “Алгада” ойногон. Андан кийин Россияга кетип, Юрий Коноплев атындагы (Тольятти) футбол академиясына тапшырган. Кийин Казандын “Рубин-1997” комадасына өткөн. 16 жашында “Рубин” командасынын негизги курамында оюн көрсөткөн. Ал эми 2018-жылы Москванын ЦСКА командасына өткөн.
Россиядагы эң кымбат футболчу 29 жаштагы Марио Фернандес табылган. Аны сатып алам деген командалар кеминде 30 миллион евро төлөшү керек.
Экинчи орунда Александр Головин (25 миллион евро) турат, үчүнчү орунду “Локомотивдин” оюнчусу Алексей Миранчук ээледи. Анын трансфери 18 миллион еврого бааланган.
Россиянын эң кымбат 20 футболчусунун тизмеси ушундай:
1. Марио Фернандес (ЦСКА) — 30 млн евро
2. Александр Головин ("Монако") — 25 млн евро
3. Алексей Миранчук ("Локомотив") — 18 млн евро
4. Артем Дзюба ("Зенит") — 16 млн евро
5. Федор Чалов (ЦСКА) — 16 млн евро
6. Антон Миранчук ("Локомотив") — 16 млн евро
7. Магомед Шапи-Сулейманов ("Краснодар") — 12 млн евро
8. Роман Зобнин ("Спартак") — 12 млн евро
9. Дмитрий Баринов ("Локомотив") — 12 млн евро
10. Матвей Сафонов (Краснодар") — 10 млн евро
11. Далер Кузяев ("Зенит") — 10 млн евро
12. Георгий Джикия ("Спартак") — 10 млн евро
13. Юрий Газинский ("Краснодар") — 9 млн евро
14. Андрей Лунев ("Зенит") — 9 млн евро
15. Фёдор Смолов ("Локомотив") — 9 млн евро
16. Иван Обляков (ЦСКА) — 8 млн евро
17. Зелимхан Бакаев ("Спартак") — 8 млн евро
18. Александр Максименко ("Спартак") — 8 млн евро
19. Игорь Акинфеев (ЦСКА) — 8 млн евро
20. Ильзат Ахметов (ЦСКА) — 7,5 млн евро.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-ilzat-ahmetov-rossiyanyn-e-kymbat-20-futbolchusunun-kataryna-kirdi
Добавить комментарий ×