Видео. Кыргызстандык футболчу Бахтияр Дүйшөбеков “Башундара Кингс” клубу үчүн кезектеги голун киргизди

25 октябрь 2019 15:44 1011 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бангладештин “Башундара Кингс” клубунун футболчусу, кыргызстандык Бахтияр Дүйшөбеков командасы үчүн кезектеги голун киргизди. Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөсү бул ирет “Sheikh Kamal International Club Cup 2019” мелдешинде голдун автору болду. Мелдешинин тайпалык этабында Бахтияр жана анын командасы кечээ, 24-октябрда Индиянын чемпиону “Ченнай Сити” командасын 3:2 эсебинде уткан.

Оюндун 59-мүнөтүндө Бахтияр Дүйшөбеков капталдан көкөлөт берилген топту башы менен гол киргизди.

“Бахтияр жана КО” эртең Малайзиянын “Теренггану” командасы менен кез келет. Бул тууралуу ал “Barometr.kg” сайтына билдирди.

Эске сала кетсек, аталган мелдеш жыл сайын өтүп, ага Бангладеш, Индия, Малайзия, Мальдив аралдары жана Лаос өлкөлөрүнөн 8 команда катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-futbolchu-bahtiyar-djshbekov-bashundara-kings-klubu-chn-kezektegi-golun-kirgizdi



Добавить комментарий