Кыргызстандык эки мушкер 1/8 финалга чыкты

29 октябрь 2021 11:40 7016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дагы эки кыргызстандык Сербияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына чыгышты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Турнирдин төртүнчү мелдешүүчү күнү рингге кыргызстандык эки спортчу чыгып 1/16 финалда беттешти.

Мушкер Акылбек Эсенбек сербиялык спортчуну жеңди, ал эми дагы бир мушкер Жакшылык Талайбеков Иорданиянын өкүлүн утуп алды.

Буга чейин 1/8 финалга Эркин Адылбек уулу менен чүчү кулактын негизинде Мирлан Турбай уулу чыккан.

Төрт күндүк турнирдин жыйынтыгында Азат Усеналиев, Жантөрө Ташиев жана Жаркынбек Туратов мелдештен утулду.

28-октябрда болгон мелдеште:

57 кг салмакка чейинки категорияда, 1/16 финалда

Акылбек Эсенбек уулу - Велико Глигорич (Сербия) - 5:0,

67 кг салмакка чейин 1/16 финалда

Жакшылык Талайбеков - Обада Мохаммад Мустафа Алькасбех (Иордания) - 4:1 эсебинде мелдешип, кыргызстандык мушкерлер жеңишти.Сүрөттө Акылбек Эсенбек уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-eki-mushker-18-finalga-chykty



Добавить комментарий