Кыргызстандагы коронавирус: реанимациядагы алты кишинин бешөө жөнөкөй палатага которулду
Бөлүшүү:
Коронавирус жуктуруп, реанимацияга түшкөн алты бейтаптан бешөөнүн абалы жакшыргандыктан жөнөкөй палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Акматова ошондой эле, бир кишини реанимацияда экенин кошумчалады.
“Жалал-Абад облусунда бир киши реанимацияда. Белгилей кете турчу нерсе реанимациядагалырдан бири да өпкөнү жасалма адем алдыруу аппаратына кошулган эмес”, — деди ал.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 58 кишиге жетти.
Добавить комментарий ×