Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 58ге жетти
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, 27-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын 14 жаӊы учуру катталды, Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 27
Ош облусунда – 26
Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
Баткен облусунда – 1.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-58ge-zhetti
Добавить комментарий ×