Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандар 1082 кишиге жетти
Бөлүшүү:
14-майга карата республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Ага ылайык, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган:
Бишкек ш. – 14
Чуй облусу - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден
Ош ш. - 1
Жалал-Абад облусу - 4
Нарын облусу - 15
Ошентип, илдет жуккандардын жалпы саны 1082ге жетти. Ошол эле маалда республика боюнча жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandar-1082-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×