Коронавирус 96 дарыгерге жугуп, 7 бейтап каза болду
Кыргызстанда коронавирустун жаңы 521 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бишкек ш. – 273 Чүй облусу - 74
Ош ш. - 38 Ош облусу - 16
Жалал-Абад облусу - 43 Баткен облусу - 39
Ысык-Көл облусу - 30 Талас облусу - 81
Республика боюнча жалпы 12 498 учурга жетти.
Стационарда – 682, алардын ичинен реанимацияда – 16, үй карантининде дарыланып жаткандар – 6 017, айыгып үй карантининен чыгарылды – 1 897, ооруканадан чыгарылды – 3 735, каза тапты – 167 адам.
Ооруканадан 75 бейтап чыгарылды:
Бишкек ш. – 23
Чүй облусу – 18
Ош ш. – 4
Ош облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу – 20
Нарын облусу – 3
Талас облусу – 2
Республика боюнча жалпы 3 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты. Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны - 5 632 кишиге жетти.
Өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды:
• Бишкек ш. – 42
• Чүй облусунда – 18
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 5
• Ысык-Көл облусунда – 9
• Талас облусунда – 6
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнчакоронавирус диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
7 бейтап коронавирустан каза болду:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта);
Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта);
Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта;
Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 167ге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-243-kishi-ajygyp-jn-chykty
Добавить комментарий ×