Кыргызстанда дагы 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

1 июль 2020 11:03 664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралууРеспубликалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.


Ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19  жуктуруу жалпысынан 5 735 учурга жетти. 

Стационарда – 750, алардын ичинен реанимацияда – 19

Үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 480

Ооруканадан чыгарылды – 2 443

Каза тапты – 62 бейтап.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-covid-19-49-medicinalyk-kyzmatker-ildet-zhukturgan



Добавить комментарий