Кыргызстанда дагы 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралууРеспубликалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруу жалпысынан 5 735 учурга жетти.
Стационарда – 750, алардын ичинен реанимацияда – 19
Үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 480
Ооруканадан чыгарылды – 2 443
Каза тапты – 62 бейтап.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-covid-19-49-medicinalyk-kyzmatker-ildet-zhukturgan
Добавить комментарий ×