Кыргызстанда жакынкы күндөрү 40 градуска чейин ысык болот

6 июнь 2023 14:00 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызгидромет жакынкы күндөрү катуу ысык аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 7-июндан 9-июнга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы күндүз +35...+40, Талас облусунун өрөөндөрүндө +33...+38 градуска чейин көтөрүлөт.

Мындай ысык аба ырайында ысыктан сактануу үчүн күн нурунун түз тийишинен сактанып, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн мол сугаруу сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhakynky-kndr-40-graduska-chejin-ysyk-bolot



Добавить комментарий