Кыргызстанда жакынкы күндөрү 40 градуска чейин ысык болот
Поделиться в:
Кыргызгидромет жакынкы күндөрү катуу ысык аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 7-июндан 9-июнга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы күндүз +35...+40, Талас облусунун өрөөндөрүндө +33...+38 градуска чейин көтөрүлөт.
Мындай ысык аба ырайында ысыктан сактануу үчүн күн нурунун түз тийишинен сактанып, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн мол сугаруу сунушталат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhakynky-kndr-40-graduska-chejin-ysyk-bolot
Добавить комментарий ×