Кыргызстанда ВИЧ дартын акысыз аныктоо боюнча бир айлык башталат

26 октябрь 2021 14:20 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган улуттук өнөктүк старт алат. Бул тууралуу Республикалык "СПИД" борборунан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Өнөктүк ноябрь айында жүргүзүлөт. Жарандар "СПИД" кызматынан баардык бөлүктөрүнөн ВИЧ оорсуна карата акысыз жана анонимдүү түрдө экспресс-тесттерди ала алышат.Ошондой эле базарларда, гипермаркеттерде анонимдүү түрдө тесттен өтө алышат.

Аталган борбордун башчысы Умуткан Чокморованына айтымында, ВИЧ жугузуп алгандардын 45 пайызы оорунун кеч баскычтарында кайрылышат.

Учурда Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алгандардын жарымы аны жыныстык жолдор аркылуу жуктуруп алышкандар.

2021-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө расмий түрдө 10 328 адамдан ВИЧ оорусу аныкталган.Тогуз айда тесттирлөөдөн 400 миңден ашык адам өткөн, анын ичинен 598 .адамдан оору аныкталган

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-vich-dartyn-akysyz-anyktoo-boyuncha-bir-ajlyk-bashtalat



Добавить комментарий