Кыргызстанда Улуттук антидопинг борбору түзүлдү
Бөлүшүү:
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында допингке каршы күрөшүү дирекциясы «Улуттук антидопинг борбору» түзүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Дирекция допингти жок кылуу максатында ал менен күрөшүп, спортто допингти колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат.
Дирекция төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Кыргызстандын территориясында антидопинг саясатын ишке ашыруу;
- Антидопинг саясатын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;
- Дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана Кыргызстандын антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
- Кыргыз спортчуларынын арасында таза спортту жайылтуу.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-uluttuk-antidoping-borboru-tzld
Добавить комментарий ×