Кыргызстанда табылган жаңы 14 учур кайсы аймактарда катталды?

27 март 2020 14:19 5309 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алардын жетөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана жети учур Ош облусунун Кара-Сууда районунда 1, Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда үч кишиден тастыкталган. Коронавирус табылган14 кишинин ону аял, төртөө эркек киши. Беш киши умрадан келгендер болсо, 9 киши мурда оору катталгандар менен контакта болгондор. Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 27-марттын саат 14:00гө карата 58 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова оору жуккандардын бардыгы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө экенин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-tabylgan-zhay-14-uchur-kajsy-ajmaktarda-kattaldy



Добавить комментарий