Пневмониядан дагы 18 бейтап каза болду

6 июль 2020 11:05 1221 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Алардын ичинен 8 адам республика боюнча жана Бишкек шаарында 10 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 195 адамга жетти.
“Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2 062 койко-орун даярдалды. Белгилеп кетсем, көпчүлүгү реанимациялык блогу жана шарттары бар "Ганси" базасындагы стационарга барууну каалашпай жатат”, - деп билдирди Саламаттык сатоо министринин орун басары.

Ошону менен бирге, стационарлар үчүн орнотулучу жабдыктардын жетишсиздигин белгилеп өттү. Министрдин орун басары ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, кечээ республика боюнча бөлүштүрүлгөн медициналык жабдуу алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын стационарларына бөлүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-pnevmoniyadan-18-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий