Кыргызстанда Нооруз майрамы быйыл белгиленбейт. Себеби айтылды
Кыргызстанда Нооруз майрамына карата боло турчу майрамдык иш-чаралар коронавирустан улам болбой калды. Бул тууралуу “Барометр” маалымат агенттигине өкмөттөн кабарлашты.
Ага ылайык, 21-мартта өлкө боюнча майрамдык иш-чаралар болбойт. Мындай кадамдар коронавирустун алдын алуу максатында жасалууда. Буга чейин Ноорузга карата жыл сайын өтүп келген ат оюндары да убактылуу токтотулган.
Өз кезегенди өкмөт элди киши көп чогулган ири-иш чараларды өткөрбөй турууга жана андай жерлерге барбай турууга чакырган болчу.
Ал ортодо президент менен өкмөт коронавирустан улам боло турчу тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча вирустан каза болгондор төрт миңге чамалап, аны жуктургандар 109 миңден ашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-nooruz-majramy-byjyl-belgilenbejt-sebebi-ajtyldy
Добавить комментарий ×