Коронавирустан каза болгондор төрт миңге чамалады

9 марта 2020 09:41 660 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтарга ылайык, коронавирустан каза болгондордун саны 3806 кишиге жетти. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, вирус 109 045 кишиге жукканы расмий тастыкталган. Ошол эле маалда, 62 176 киши оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Каза болгондордун сап башында Кытай (3 119) турса, андан кийинки орунда Италия (366) жана Иран (194) турат. Андан сырткары бир катар мамлекеттерде дагы оорудан каза болгондор бар.

Кыргызстанда оору жуккан жана ага чалдыккан учур катталбаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүүдө. Ага ылайык, оору чыккан мамлекеттерден келгендер эки жумалык карантинге алынып, бардык анализдери жакшы болгондо гана чыгарылып жатат.

Ал эми өлкөнүн муфтияты коронавирустун алдын алуу максатында атайын түлөө өткөрүп, мал союлду.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgondor-trt-mige-chamalady



Добавить комментарий