Кыргызстанда кош бойлуулук боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 10,2 миң сомду түзөт
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3 423,0 сом.
Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн. сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн. сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн. сом сарпталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kosh-bojluuluk-boyuncha-zhlk-puldun-ortocho-lchm-102-mi-somdu-tzt
Добавить комментарий ×