Кыргызстанда коронавирустан дагы бир бейтап каза болуп, жалпы 12 кишиге жетти

6 май 2020 10:07 1695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир киши (67 жаштагы аял) каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан.

“Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана  эксудативдик плевриттен жабыр тарткан,” - деди Үсөнбаев.

Ошентип Кыргызстан боюнча коронавирустан 12 киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-dagy-bir-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий