Кыргызстанда коронавирус жуккан дарыгерлердин саны 51ге жетти
Бөлүшүү:
11-апрелге карата 12 медицина кызматкеринен коронавирустун козгогучу аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган учурлар Бишке шаарында 8, Нарын облусунда 1 жана Ош шаарында 3.
Ошентип коронавирус жуккан дарыгерлердин саны 51ге жетти.
Ал эми жалпы республика боюнча коронавирус 339 кишиге жукканы тастыкталды. Анын ичинде илдет жуктургандардын саны боюнча Ош облусу алдыда.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkan-darygerlerdin-sany-51ge-zhetti
Добавить комментарий ×